3 жаш 7 айлык Арууке денесинин 60 пайызынан күйүк алып, дарыланып жаткан учуру. Ага кайнак суу төгүлүп кеткендиги тууралуу бүгүн, 7-февралда эжеси Гүлбарчын Карабаева SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, Аруукенин ата-энеси анын 6 бир тууганы менен Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылында жашашкан. Аруукеге кайнак суу төгүлүп кеткенде дароо райондук ооруканага жеткиришкен.
"Капыстык болгондо ата-энеси чурулдап, суу куюшуп, алдастап калышыптыр. Ооруканага алып келгенде дароо биринчи жардам көрсөтүлгөн. 2 күн ал жерде жаткандан кийин 1 медайымдын коштоосунда Бишкекке келишти. Бишкек шаардык №4-оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Ата-энеси өздөрү менен кошо 30-40 миң сом алып келген экен, дары каражаттарына күнүнө 3 миңден 5 миң сомго чейин акча кетип жатты", - дейт Карабаева.
Каражат жетишсиз болуп жатканда алар саламаттыкты сактоо министрине кайрылып жардам сурашкан.
"Министр күйүктүн дарылары кымбат экенин айтып, өзүңөр сатып аласыңар деп жооп берди. Бирок дарыгерлерге табыштап, жакшы көңүл буруп карашты. Анткени менен туугандар, баарыбыз колдоп жардам берсек да дарылатууга чамабыз жетпей, үйгө алып чыгып кеттик. Дарыгерлер наристеге операция жасаш керек экенин айтышты. Ага атасынын же апасынын териси алынарын билдиришкен эле. Экөө тең анализ тапшырып, алардан тери алууга болбой турган болуп калды. Эми дарылоо жолу менен айыктыруунун аракеттерин көрүп жатабыз. Бирок каражатыбыз тартыш. Күйүк баарыбызга белгилүү болгондой сыздаткан оору менен коштолот. Кайрымдуу адамдардан жардам күтөбүз", - деди ал.
Аруукенин дарылануусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн эжеси Гүлбарчын Карабаеванын байланыш номери 0705 503043. Атасы Уланбек Карабаевдин байланыш номери 0706668643.