Кытайда жолго төшөлгөн бетонду уурдап, 800 долларга сатып жиберген жаран кармалды

Кытайда жолго төшөлгөн бетонду уурдап, 800 долларга сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайдын Суцянь аймагынын жашоочусу Жу аттуу жаран узундугу 800 метр, туурасы 3 метр болгон, көптөн бери эл өтпөй калган жолдогу бетонду түн ичинде атайын бөлүктөрү менен жерден чыгарып, алдын ала даярдалган жүк ташуучу унааларга жүктөп барып, 800 долларга сатып жиберген.

Жергиликтүү жашоочулар жолдун жок болуп кеткенин байкап полиция кызматкерлерине кайрылган, көп убакыт өтпөй кылмышкер колго түшкөн. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-02-07 14:06:06
Бизде болгондо кое берет эле "куругун" алып, аларда тоюн таанытат экен да эми
+8
KRIMINAL
2018-02-07 14:07:49
Атылат эми! Кытайлар биз эмес да бул адам биздин партиядан деп "Бармак басты көз кысты" кылгыдай!
+8
Talgat89
2018-02-07 14:46:14
эми атылат точна
+2
juma11anara
2018-02-07 20:38:42
Ошондо уурунун аты Ж.У. болуп калабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан