Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралууда. Отурумда Салянованын жана анын коомдук жактоочусунун жарыш сөздөрү орун алмак. Бирок иш каралып башталары менен соттук жамаат алардын сөзүн токтотуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип түштөн кийин угузуларын айтышкан.
Түштөн кийин отурумга Салянованын 70ке жакын тарапташтары келип, алар сот залына батпай айрымдары туруп калышты. Андан сырткары сот залына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да келишти. Ал эми милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап турушат.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.