Башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “ата журтчу” 3 депутатка карата кылмыш ишин өзү козгогонун айтты

Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Күбө катары суралып жаткан башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “ата журтчу” 3 депутатка карата кылмыш ишин өзү козгогонун айтты. “Анткени башкы прокурор 26-сентбярь күнү командировкага жөнөп жатып, мени башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып буйрук чыгарган. 3-октябрдагы митинг боюнча бардык материалдар топтолгон. Эгерде ал митингде 3 депутат болбогондо бул ишти шаардык прокуратура карамак болчу. Ошентип тергөө тобун мен түзгөм”,- деди Жээналиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан