Техниканын өнүккөн заманында көчөдө электрондук эмес, кадимки китептерди окуп отурган адамдарды чанда гана көрсө болот. Нью-Йорк шаарынын жашоочусу коомдук жайларда китеп окуп отурган мырзаларды сүрөткө тартып алып өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялаганды адатка айланткан.
Анын Инстаграмдагы баракчасы "Hot Dudes Reading" деп аталып, ага 900 миңден ашуун интернет колдонуучу жазылган. Ал ар бир сүрөткө өзгөчөлөнгөн баяндарды жазат.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар сүрөттөргө "жакты" белгисин басып, айрымдары бул китеп окуп жаткан мырзаларды сүйүп калгандыгын билдиришкен.