Президент: "Соттордо мыйзам бузуулар болуп жатса, мен киришпей коё албайм"

Бүгүн, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда өлкө башчы соттордун ишинде натыйжа болбой жатканын айтып, мыйзамсыз өз билемдиктерди токтотууга чакырды.

"Мен соттордун ишине киришпешим керек. Бирок баш аламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Андай болбойт! Баарына өзүм киришем. Мыйзам чегинде баарын көзөмөлгө алабыз. Сотко жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатат. Рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деңгээлге жетти. Акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, сот, көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон 5 480 арыз түшкөн", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан