"Милиция кызматкерин аткан" деп шектелген Тилек Шатманов кармала элек. Анын дагы башка ат менен изделип жатканын SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Шатмановдун Азизов Азамат Турдубекович деген ат менен алган айдоочулук күбөлүгү бар болуп чыкты.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 2-февраль күнү Свердлов райондук ИИБинин кызматкерине куралдуу кол салуу болгон. Кылмышка шектүү деп Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну 1986-жылы 2-октябрда туулган Шатманов Тилек Сулаймановичке издөө жарыяланган.
Бишкек ШИИББи аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү телефондорго кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0 (312) 43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 же "102" кызматына.