"Шайлоодо Жээнбековго жакшы иштеген жоксуң" деген шылтоо менен кызматкерлерди жумуштан алууну токтоткула!" - деп бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.
"Мен кадр маселесине токтолгум келет. "Президенттик шайлоодо Жээнбековго жакшы иштеген жоксуң" деген шылтоо менен кызматкерлерди жумуштан алууну токтоткула! Ушундай маалыматтар бүгүн мага жетип жатат. Мындай шылтоо менен кесипкөй, өз ишин мыкты билген адистер жумуштан бошотулбасын!" - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына арналган.