Орусияда кардар унаа жуучу жайдын кызматкерин бир сокку менен жыга чапты. Жабырлануучу ооруканада көз жумган

Орусиянын Ступино шаарында кардар унаа жуучу жайдын кызматкерин бир сокку менен жыга чаап, жабырлануучу ооруканада көз жумганын орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн, 8-февралда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мурда бир нече жолу соттолгон 24 жаштагы жаран түнкү саат 03:30да унаа жуучу жайга келип, унаасын жуудурууну көздөгөн. Аталган жайдын кызматкери унааны жуугандан баш тарткандыктан кардар менен жаңжалдаша кеткен. Ошол учурда кардар кызматкерди чыканагы менен бир чаап кетип калган. Жабырлануучу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бул кылганы үчүн 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусияда жаран унаа жуучу жайдын кызматкери бир чаап өлтүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
MAKALAK
2018-02-08 11:41:16
Быр чаап олтуруп коем деген экен да
-11
Aruwka.89
2018-02-08 12:20:08
Кандай акысы бар, зоокур!!!!!
+9
kechirmeni
2018-02-08 12:42:38
дегеле кебелбейт го
+7
Azat.97
2018-02-08 14:07:28
Жыга чапты дегенинерге кулкум келип атат.Бирок туура соз
0
keba300989
2018-02-08 14:31:16
Мойкаларда көбүнчө кыргыздар иштечү эле
+1
Rasul94
2018-02-08 15:10:36
биздин ак уйго керек киши экен
+9
Ayida
2018-02-08 15:41:07
Бул ойлогон жокда олуп калат же жыгылып калат деп.Туртуптур ал жыгылыптыр ажалда
0
33SUUN
2018-02-08 16:43:27
Буларда нокаут тушурмой мода болуп калган.Биринчи урганы жыгылса экинчисин куноосу барбы жокпу анысына карабай аны дагы созсуз урушат.
0
Drongo
2018-02-08 18:08:13
Ооруканадан эмес,биринчисин соккондо ошол жерден эле жан берген.Экинчиси оор жаракат менен ооруканага жаткырылган.
0
abusait
2018-02-08 22:49:30
Мындайларга 12 жыл аз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан