Каныбек Иманалиев: "Талантбек Исаев менен кафеден тамактанып жатканда столдун астынан диктофон табылды"

"Талантбек Исаев менен кафеден тамактанып жатканда столдун астынан диктофон табылды", - деп бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 7-февралда саат 13:00 чамасында ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев жана парапсихолог Мелис Карыбеков үчөө кафеде тамактанып жатканда диктофон таап алышкан. "Биз тамактанып кетели деп жатсак столдун астынан кичинекей диктофонду таап алдык. Мындай нерсени кимдер уюштурганын так айтуу кыйын", - дейт эл өкүлү.

Эске салсак, Талантбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы. Ал Канат Исаев камакка алынгандан кийин ИИМдин Күзөт башкармалыгынын жетекчилик кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган. Анын арызын премьер-министр Сапар Исаков канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2018-02-08 13:25:23
Бизде айыл - чарба, өндүрүш тармактары менен эмес, ушинтип бири-бирин сөзүн аңдымай болуп калган тура
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-08 13:43:18
Кафеде балее барбы иштебейсинерби
-6
luuntik
2018-02-08 17:00:12
силердин именно ошол кафеге ошол столго отурганынарды билип коюптурбу биро, мурда эле коюлса керек да
0
muslim87
2018-02-08 21:00:54
Каныбек Иманалиевден да бир илинчек табалы дешип аңдышканда уят эле ушу саясий опоненттерди ушинтип сындырууга аракет кылгандан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан