Сооронбай Жээнбеков мыйзам алдында соттор жазасыз калып жатканын айтты

Бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сотторго жарандардын нааразычылыгынын себептерин атап, мыйзам алдында соттор жазасыз калып жатканын айтты. Өлкө башчысы өз ишин жакшы аткарбаган соттордун айынан, айрым учурда күнөөсүз жарандар убактылуу кармоочу жайларда узак убакыт азап тартып жатканына токтолду.

"2016-2017-жылдары сот органдарына 22 миң 600дөн ашык кылмыш иши келип түшкөн. Алардын 9 миӊге жакыны же 40 пайызы соттор тарабынан кыскартылган же токтотулган. Адилеттүүлүккө жетпей узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайылап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар дагы бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Мыйзамда белгиленген убакта же камалып, же акталыш керек", - деди Жээнбеков.

Президент мыйзам бузган сотторго карата акыркы 10 жылда болгону 100гө жетпеген кылмыш иши козголуп, болгону 8 пайызы гана жазаланганын айтып нааразы болду.

"Адилеттүүлүктү камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы 10 жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми 46 кылмыш иши сот органдарына жөнөтүлүп, сот тарабынан 23 иш боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Соттордун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин 8 гана пайызы боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан