Германия банкы Кыргызстандын 8 миллион евро карызын кечет

ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “КР менен KfW (Франкфурт-на-Майне) ортосундагы “Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III  коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окууда жактырылды. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Германия банкы Кыргызстандын 8 миллион евро карызын кечүүгө макулдук берди. Кыргызстан кечилген карыз үчүн 3 миллион 325 миң евро көлөмүндөгү каражатты бюджет аркылуу социалдык багытта жумшоого тийиш. Каражаттын 45 пайызы өз багытында жумшалар замат карыз толугу менен кечилет. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан