8-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 23-кышкы Олимпиада оюндары старт алды. Анда 92 мамлекеттен, 2 жарым миңден ашуун спортчу 102 медалдар топтому үчүн күч сынашат. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 спортчу аттанган, алар Тариэл Жаркымбаев жана Евгений Тимофеев.
Жарым кылымдан ашуун убакыттан бери өткөрүлүп келе жаткан Кышкы Олимпиада оюндары тууралуу кызыктуу фактыларды сиздерге сунуштайбыз.
Эң алгачкы Кышкы Олимпиада оюндары Франциянын Шамони шаарында 1924-жылы өткөн. Лыжа тебүү, биатлон, коньки менен чуркоо, бобслей, муз үстүндө бийлөө жана хоккей боюнча мелдештер болгон.
Эң биринчи Кышкы Олимпиада оюндарында алгачкы алтын медалды коньки менен чуркоо боюнча АКШлык спортчу Чарли Жутроу жеңип алган.
Ал эми 1924-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жылдызы жана эң кенже катышуучусу болуп 12 жаштагы муз үстүндө бийлеген Соня Хени аталган.
Кышкы Олимпиадалык оюндун оту 1936-жылы Германияда күйгүзүлгөн. Бул спорттук иш-чараны Адольф Гитлер өзү расмий ачып берген.
СССРдин спортчулары кышкы Олимпиада оюндарына алгачкы жолу 1956-жылы Италияда катышкан. Олимпиаданын алгачкы күнүндө эле СССРдин курама командасы жалпы эсепте сап башына жазыла алган. Алар 7 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңишкен.
1988-жылы өткөн кышкы Олимпиада оюндарда ямайкалык спортчулар бобслей боюнча мелдешке чыгышкан. Бирок оюндун жүрүшүндөгү техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам мелдештин аягына чыгышкан эмес.
Оюндардын алгачкы тумары Инсбуркта өткөн XII Кышкы Олимпиада оюндарда пайда болгон. Ал кар киши болгон.
2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде шорт-трек боюнча мелдеште австралиялык Стив Брэдбери жеңишке жеткен. Ал оюндун жүрүшүндө эң артта келе жаткан, бирок алдыда келе жаткан спортчулар жыгылып кетип Брэдбериге мелдешти утуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.
XVII Олимпиада оюндарында алгачкы жолу адамдар оюндун тумары болгон. Алар норвегиялык Хокон жана Кристин.
1928-жылы Швейцарияда өткөн Олимпиадада, аба ырайы спортчуларды ыңгайсыз абалга калтырган. Лыжачылар өз мелдешин абанын температурасы 0 градус болуп турганда баштаса, алар белгиленген аралыкты басып өткүчө абанын температурасы +25 градуска көтөрүлүп кеткен.
АКШнын Лейк-Плэсид шаарында өткөн XIII Кышкы Олимпиадалык оюндарында алгачкы жолу жасалма кар колдонулган.
Орусиянын Сочи шаарында өткөн оюндардагы жеңүүчүлөргө берилген медалдар эң чоң деп табылган. Алардын диаметри 10 сантиметр, калыңдыгы 1 сантиметр болгон. Аларды жасоого жалпы 3 килограмм алтын, 2 тонна күмүш жана 700 килограмм коло сарпталган.