Орусияда каза болгон Кыргыз жаранын сөөгү бүгүн Кыргыз жерине алынып келет

Бүгүн, 8-февралда Орусиянын Москва шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатып каза болгон Тухтахан Амирова аттуу Кыргыз аялдын сөөгү Кыргыз жерине алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматы боюнча, сөөктү учак аркылуу жиберүүгө керектүү каражат чогултулду.

"Маркумдун сөөгүн жиберүү үчүн Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фонду жана мекендештер тарабынан керектүү каражат чогултулду. Учурда элчилик тийиштүү документтерди даярдап жатат. Бүгүн "жүк-200" Кыргыз жерине жиберилет", - деп билдиришти элчиликтен.

Каза болгон 61 жаштагы аял Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну болгон. Боору ооруп Москвада дарыланып жатып, 4-февраль күнү каза болуп калган. Анын сөөгүн айылына алып кетүүгө жана ооруканага болгон карыздарын жабуу үчүн 120 миң рубль керек болсо, 8-февралга чейин 17 миң рубль гана чогултулганы айтылган.

Сөөктү Орусиянын аймагынан Кыргыз жерине жеткирүү үчүн 35 миңден 50 миң рублге чейин керек болот.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidani
2018-02-08 21:59:55
Мигранттар бар болгула
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан