Бишкектин Ак-Босого конушундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам жабыркады. ӨКМнын маалыматына ылайык, 8-февралда аталган конуштагы жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 25 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры күйгөн. Кырсык болгон жерде 1971-жылы туулган Б.М.Т. аттуу тургун денесинен II, III даражадагы күйүк алган жана түтүнгө ууланып калган. Кырсыктан жабыркаган адам "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.