Чүйдө күйөөсү аялын сабап, андан соң бычактап салган

2018-жылдын 6-февраль күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан маалымат келип түшкөн. Анда 35-40 жаштардагы аялдын бычактан жаракат алганы айтылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу 39 жаштагы Т.Г. аттуу аял ооруканадан каза болгон.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, каза болгон жарандын күйөөсү 45 жаштагы Д.Р. туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Ортодо келишпестиктерден улам жаңжал чыгып, күйөөсү аялын алгач уруп, андан соң бычак менен сайып жиберген. Жыйынтыгында аялы денесинен алган оор жаракатынан улам каза болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jainagulergeshbaeva
2018-02-10 00:24:08
Аялындын арбагы ала кетсин умуту жок.!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан