Бүгүн, 9-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) 8-февралда кечке жуук "Бишкекте мыйзамсыз иштеген казино табылды" деп маалымат таратты. Ушул эле күнү Бишкекте Коопсуздук кеӊешинин жыйыны өтүп, анда президент Сооронбай Жээнбеков тыюуга карабай казинолор иштеп жатканын сындады. "Бишкек менен Ошто казинолор дагы эле иштөөдө, аларды укук коргоо органдары калкалап жатат. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы чара көрсүн", - деди президент.
Ажонун эскертүүсү күрөштү күчөтөбү?
Кыргыз жеринде оюн автоматтары жана казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Ал эми 2015-жылы букмекердик кеңселер жабылды. Бирок 6 жылдан бери мыйзамдын талабы аткарылбай, кумарканалар ишин көмүскөдө улантып жатышат. Аларга ким калкалоочу болуп жатканын президент өзү айтты. Ушундай жагдайды шылтоо кылып 2013-жылы Жогорку Кеӊештин депутаттары Игорь Гусаров менен Замир Бекбоев казинолорго уруксат берүүнү айтып демилге көтөрүшкөн. Алар сунуштаган мыйзамга ылайык, казинолор ири мейманканаларга жайгашып, ишине көзөмөл күчөтүлмөк. Ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев да колдоого алган бул сунуш Жогорку Кеӊештин элегинен өтпөй калган. Аракет токтоп калган жок. 2015-жылы Темир Сариевдин өкмөтү "Манас" аэропортуна жакын жерге казино ачууну сунуштады. Сариевдин кыялына ылайык, атайын аймактагы казиного чет элдик жарандар гана киргизилип, жергиликтүү жарандар киргизилмек эмес. Жогорку Кеӊештин депутаттары өкмөттү "2 ишкердин кызыкчылыгын элден өйдө коюп жатат" деп сындап, бул демилге да максатына жеткен эмес.
Расмий маалыматка таянсак, казинолордон мамлекеттик казынага 1 жылда 500 миллион сом, букмекер кеӊселеринен 17 миллион сом киреше түшүп турган. Президент Жээнбековдун сөзү казино кызыкчылыгы барларга жаккан жок. Буга чейин казинолорго жол ачууну сунуштагандардын баары "мыйзам тыюу салганына карабай казинолор иштеп эле жатат" деп шылтоо айтышчу. Жээнбеков "эмне үчүн мыйзам иштебеши керек?" деген жөнөкөй суроону берүүдө. Жооп Финпол, Башкы прокуратура, сот органдарынан суралат.
Кечээ президент коррупция менен күрөштө чабактар гана кармалып, бийликтин жогорку эшелонундагылар кол тийгис калып жатканын айткан. Сын таасир эттиби, айтор УКМК да "жыйынтык" көрсөтүүгө киришти. Жогорку Кеӊештин бөлүм башчысы парламенттин бюджетинен 2 миллион сомго жакын акчаны өздөштүрүп алуу фактысына шектүү катары кармалып, камакка алынганын жарыялады.
Президент көтөргөн маселелер актуалдуу экенин башка окуялар дагы көрсөтүүдө. Жакында Ошто алдамчылыкка шектүү деп 37 жаштагы жаран кармалды. Милициянын маалыматы боюнча, ал 2017-жылы түрмөдө отурган учурда 7 адамга телефон чалып, "жакыныӊыз кырсыкка кабылды, акча керек" деп алардан жалпы 600 миӊ сомдой акча алган. Акчаны алууга анын эркиндиктеги шериги жардамдашып турганы айтылды.
Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Жээнбеков түрмө кызматкерлери криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта деп да сындады эле. "Түрмөдө кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү өздөрүн эркиндикте жүргөндөй сезишет. Аларга баӊгизат, уюлдук телефон жана интернет жеткиликтүү. Кылмышкерлер телефон аркылуу коомго коркунуч жаратып жатат", - деди президент. Тармакты түп тамырынан тазалоо зарылдыгын айткан президент, УКМК, ЖАМК, ИИМ, сот, прокуратура органдарына дагы бир мүмкүнчүлүк берилерин, бирок ал "шанс" кыска мөөнөткө гана берилерин айтты...
Баткенде 2018-жылдын эсебинен алгачкы чек ара чыры чыкты. 8-февралда Тажикстан чек арадагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү пункттарынан Кыргыз жарандарын, унааларын өткөрүүгө тыюу салды. Ошондой эле Лейлектин Сай аймагындагы көпүрөнү жапкан. Өткөрүү пункттары жана көпүрө ушул эле күнү сүйлөшүүлөрдөн кийин ачылып, кыймыл тез арада калыбына келди. Тажик тарап бул кадамга эмне үчүн барганы белгисиз. Кыргыздын Чек ара кызматы абал турукташканын, көпүрө боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын гана маалымдады.
Эске салсак, Баткендин Максат жана Кулунду айылдарын Тажикстандын аймагы бөлүп турат. Аймакта чырды азайтат деп Кыргыз өлкөсү 2015-жылы аталган эки айылды байланыштырган айланма жол курган. Жолдун эки жерине көпүрө курууга Тажик бийлиги алгач каршы чыгып, кийин макулдук берген. Жогорудагы чыр президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз делегациясы Тажикстанга иш сапары менен баргандан 1 апта өтө электе болду. 2-февралда Кыргыз-Тажикстан жетекчилери Дүйшөмбүдө чек араны тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн эле. Чек арага канатташ жайгашкан Кыргыз айылдарында кайрадан тынчсыздануу башталды...