Элчи Кылычбек Султан ТИМдин мыйзамсыз буйругуна нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Кыргыз мамлекетинин Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Ал элчилик аэропорттон бирөөлөрдү тосуп алуу менен алектениши керекпи деген пикирин билдирген. Кылычбек Султан белгилегендей, депутаттар жана коомчулук бул боюнча маселени бир нече жолу көтөрүшкөн.
Тышкы иштер министрлиги аталган элчиликке Инчон шаарына келе турган расмий эмес делегацияны аэропорттон тосуп алуу тапшырмасын берген.