“Ооба, Ак үйдүн тосмосунан секиргем. Элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо ал тосмодон дагы ашууга даярмын”. Бул тууралуу айыпталып жаткан депутат Камчыбек Ташиев соттук отурумда айтты. Учурда Бишкек шаардык сотунда “ата журтчу” 3 депутаттын кезектеги сот иши улантылууда. Анда башкы прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Жээналиев күбө катары суралып жатат.