Бүгүн, 10-июнда тышкы иштер министринин орун басары Самаргүл Адамкулова Жаңы Зеландиянын премьер-министринин атайын өкүлү Жеймс Болджер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жаңы Зеландия менен болгон кызматташтыкты жана тыгыз байланышты мындан ары да бекемдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Өз кезегинде эки өлкөнүн мындан ары айыл чарба, туризм, энергетика багыттарында дагы кызматташуу ниеттери баса белгиленди. Муну менен катар кыргыз жана жаңы зеландиялык байланыштарды ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен да жаңы деңгээлге алып чыгуу жолдору талкууланды.