Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 1-класста окуган кыз дөңгөлөк алдында калып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя кечээ, 8-февралда саат 13:30 чамасында болгон.
"Кызыл-Кыя шаарынын 69 жаштагы тургуну Hyundai Starex үлгүсүндөгү унаасы менен аталган шаардын Кара-Козу кичи районунда турган тууганынын үйүнө барган. Ал унаасын токтотуп коюп, өзү тууганы менен сүйлөшүп турган. Ошол учурда унаасы жүрүп кетип, тууганынын машинанын жанында ойноп жаткан 1-класста окуган кызын тебелеп кеткен. Ал кыз ошол жерден каза болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда, окуучу кызды тебелеп кеткен унаанын ээси Ш.Манас аттуу 69 жаштагы адам окуучуларды мектептен үйлөрүнө жеткирип иштеп жүргөн. Кырсык болгон күнү каза болгон кызды унаасы менен алып барып, үйүнүн жанына түшүргөн. Бирок унаасынын эшиги автоматтык түрдө жабылганда кыздын кийими кыпчылып калган. Аны байкабаган айдоочу унаасын айдап жөнөгөндө, кыз дөңгөлөк алдында калып каза болгон.