Азимбек Бекназаров “ата журтчу” 3 депутаттын ишин караган тергөөчүнү сынга алды

Депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров “25-сентябрда Талант Мамытов Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө митинг тууралуу сүйлөшкөн”- деген башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаиловдун билдирүүсүн четке какты. “Бул күнү Мамытов Тажикстанда иш сапары менен жүргөн. Анан сиз кантип жок адамды Садыр Жапаров менен жолугуштуруп жатасыз?”- деп суроо узатты Бекназаров. Анын мындай суроосуна тергөөчү Исмаилов “мен көрсөтмөнүн негизинде жаздым” деп жооп берди. Айта кетсек, бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда “ата журтчу” 3 депутат боюнча сот иши улантылып жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан