Ошто баласынын өлүмүнө айыпталып жаткан адамга сот өкүмү чыкты

Ошто 6-класстагы баласынын өлүмүнө айыпталып жаткан 46 жаштагы адам бошотулуп, ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылды.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат кызматтын билдирүүсүнө ылайык, мындай чечимди 2-февралда Ош шаардык соту кабыл алган.

“46 жаштагы Ю.К. 101-берене (байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен баласынын өлүмүнө айыпталып жаткан. Бирок жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ю.М. (апасы) айыпталып жаткан Ю.К.га (атасы) эч кандай арыз-доосу жок экендигин айтып, тосмо арыз жазып берген, ага прокурор дагы каршы эместигин билдирген. Буга байланыштуу айыпталуучу сот тарабынан бошотулуп, иши кыскартылган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 29-ноябрда Ош шаарында 6-класста окуган баланын жансыз денеси үйүнөн табылган. Кийин анын өлүмүнө шектелип 46 жаштагы атасы кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kalpak.kg92
2018-02-09 17:35:01
Соттор адам эмес...не учун.адам олтуруп жатса кантип боштондука чыгат кантип оз боласын олтуруп кантип журот...алла жазасын берсин
+9
Kuba-savai87
2018-02-10 02:49:47
Эмне себептен олтургон экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан