Эмоцияга алдырган Ташиев "тергөөчү, түз сүроого түз жооп бер. Сот залынан башка жерден да жооп бересиң али" деп ачууланды

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаилов учурда “ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан сот ишинде күбө катары суралып жатат. Анда айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев “Бизди таңкы саат 04:00гө чейин кармап отурдуңар. Мыйзам боюнча 3 саат эле кармашыңар керек болчу. Буга кандай жооп бересиз?” деп тергөөчүгө суроо берип “бардыгы мыйзам чегинде болду” деген жооп укту. Эмоцияга алдырган Ташиев “тергөөчү, сот залында түз жооп бер. Башка жерден да жооп бересиң али” деп ачууланды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан