Бүгүн, 10-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларында Июнь окуясынын 3 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты. Премьер-министр Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” эстелигине гүлчамбар койду. “Биздин өлкөбүздө мындан ары согуш жана улуттар аралык кагылышуулар болбосун! Каргашалуу окуядан бери үч жыл өттү. Бирок мезгилдин күлүктүгүнө карабастан, биздин миңдеген мекендештерибиз башынан кечирген кайгы жөнүндө эч убакта унутпашыбыз керек. Ошондуктан бизге азыр биримдик, өз ара түшүнүшүү жана тынчтык керек. Улуттар аралык ынтымак болмоюнча жана биздин бири-бирибизге керек экендигибизди түшүнмөйүнчө өлкөнүн мындан ары гүлдөп өнүгүшү мүмкүн эмес. Бардыгыбыз бүгүн сабырдуу болуп, башка улуттардын өкүлдөрүнө карата мамиледе толеранттуулукту көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондо гана биздин үйүбүздө, биздин өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болот”,- деди өкмөт жетекчиси. Андан соң Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарына келип, "Сампа" эстелигинин жанындагы эскерүү митингине катышты. Өз сөзүндө премьер-министр Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жашоочуларына бул шаарларды калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция жасаган иштер мындан ары да улана тургандыгын билдирди.