Кыргыз жерине 3 тоннадан ашуун лимонду мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 7-февралда ЕАЭБдин аймагында товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анын алкагында Ноокат-Ош унаа жолунда бара жаткан жүк ташуучу Volrswagen Crafter үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Натыйжада ал унаадагы 3 тонна 638 килограмм лимон Тажикстандан Кыргыз жергесине мыйзамсыз алып келгени белгилүү болгон.
Ошондой эле басма сөз кызматынан бул иш Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.