Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарына электр жарыгын берүү чектелет

Бүгүн, 11-июнда  саат 9:00дөн 17:00гө чейин  Бишкектеги Месарош, Почтовый, Лумумба, Сыдыков, Анкара (мурдагы Горький) жана Оренбург көчөлөрүндө, Кичи Чүй каналынын аймагында, Элебесов, Фере, Витебская көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле күнү, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Фёдоровка айылынын Центральная көчөсүнө, Жайыл айылынын Центральная көчөсүнө, Кара-Балта шаарындагы № 39, 41, 46, 47-көп кабаттуу үйлөргө электр энергиясын берүү чектелет. Бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан