Бишкек шаарында эки унаа сүзүшүп, алардын бири жолдо баласы менен бараткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык 9-февраль күнү болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык баласы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Учурда бул иш такталып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.