Баткенде кыргыз-тажик жаңжалы чыкты

10-июнда саат 19:00 чамасында Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыкты. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери өз убагында барып, эки тарапты токтотуп калган. Учурда абал жөнгө салынганын Баткен ОИИБинен билдиришти. Ал эми чырдын чыгышына чек арадагы жер талаш себеп болгон. Окуя болгон жерге чек ара маселелери боюнча көчмө жыйын куруп, аталган айылдын эли менен жолугушуп жүргөн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар да барышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан