Президент Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Литванын өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 16-майда кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик жол-жоболорду Кыргызстан аткаргандыгы жөнүндө литвалык тарапка билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.