12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 5 адам жана 2 бала өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Кара-Суу райондук ооруканасынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, өздөрүн жаман сезгендер манты жеп, өрүк ширесин ичишкен.
"Бизге кайрылган 5 адамдын абалы турукташып, алар үйлөрүнө кетишти. Ал эми 2,5 жаштагы эки наристе балдар ооруканасына которулган. Учурда алардын абалы орто. Алдын ала божомол боюнча ооруканага кайрылгандар өрүк ширесине ууланышы мүмкүн", - деп билдиришти аталган ооруканадан.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жабырлануучулардын айтымында, алар базардан тамактанышкан.