14-июнда саат 9:00дөн 14:00гө чейин республикалык кан борборунда кан тапшыруу боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - канга муктаж болгон адамдарга жардам берүү жана дайыма кан тапшырып жүргөндөргө ыраазычылык билдирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1000 адамга 6 донор туура келет. Ал эми канга болгон муктаждыкты толук камсыздоо үчүн жылына 1000 адамга 40 донор керек. Республикалык кан борбору адамдардын ден соолугуна кайдыгер карабаган бардык жарандарды акцияга катышууга чакырат.