Башкы дарыгер: "Бишкекте апасы көтөрүп бараткан учурда машина сүзүп кеткен 1 жаш 8 айлык кыздын абалы жакшырып, палатага которулду"

Бишкекте апасы менен кетип баратып жол кырсыгына кабылган 1 жаш 8 айлык кыздын абалы жакшырып, палатага которулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.

"Бала бизге оор абалда келди. Жол кырсыгына кабылган 1 жаш 8 айлык кыздын оң буту жамбаш сөөгүнөн ылдый жанчылып калган, бутту сырткы териси эле кармап турган. Бейтап бизге түшкөндө эле анын бутун сактап калганга аракеттерди кылдык. Консилиум өткөзүп, дарыгерлердин бригадасы үзүлүп кеткен кан тамырларды улап тигишкен. Бирок аракеттерге карабастан 10-февраль күнү кыздын абалы жакшырган эмес", - деп билдирди Өмүрбеков.

Ошондой эле дарыгердин айтымында, баланын ден соолугуна эч кандай зыян келбеши үчүн бутун кесип салуу чечими чыгарылып, операция жасалган. Азыркы тапта бейтаптын абалы жакшы. Ал 10 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон соң үйүнө чыгарылат.

"Азыркы тапта кызды чоң апасы карап жатат. Бүгүн, 13-февралда палатага котордук. Бутунан сырткары ал башынан да жаракат алган. Аны дагы көзөмөлгө алып дарылап жатабыз. Операция жасап жаткан учурда кыздын келечегин эске алып, кийин протез бут кийгенге ыңгайлаштырып операция жасаганга аракет кылдык", - деди башкы дарыгер.

Өмүрбеков өзүнүн 40 жылдык иш тажрыйбасында жол кырсыгынан улам кайсы бир мүчөсүнөн ажырап калган окуялар 7-8 жолу гана болгонун белгилеп өттү.

Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Талантбек Өмүрбеков: "Баланын оң буту жамбашынан ылдый кесилди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2018-02-13 14:57:16
байкушум ай бутунан энесинен ажырап калды абайлап айдайлычы мвшынаны кундо корсотуп турсада адрандап айдайбыз бироону сыздатып озундун тагдырына балта чаап жатасын кырсык кашкабактын ортосунда
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан