Түркия Израиль менен болгон бардык соода алакаларын токтотту

Түркия Газадагы согуштан улам Израиль менен бардык соода алакаларын токтотту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түрк бийлигиндеги расмий адамдарга шилтеме берүү менен билдирди.

"Түркия бүгүн, 3-майдан тарта Израилге бардык экспорт жана импортту токтотту", - деп айтылат андагы билдирүүдө.

Анкара бул боюнча азырынча эч кандай расмий билдирүү жасай элек.

Bloomberg 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн 6,8 миллиард долларга жеткенин, жүктөрдүн 76 пайызынын түрк экспортунан келгенин белгилеген.

24-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган анын өлкөсү мындан ары Израиль менен активдүү соода алакасы жок экенин билдирди. Республика башчысынын айтымында, учурда Анкара менен еврей мамлекетинин бул жаатта кызматташуусу мүмкүн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан