Бишкектеги №73-бала бакчанын 2-кабатынан кулап кеткен баланын абалы канааттандырарлык

Бишкек шаарындагы №73-бала бакчанын экинчи кабатынан кулап кеткен 5 жаштагы баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына саат 12:00дөр чамасында бала бакчанын терезесинен кулаган деп 5 жаштагы баланы алып келишкен. Дарыгерлердин аныктамасы боюнча, баланын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган жана муундарынан жаракат алган. Учурда ал нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Буга чейин аталган бала бакчанын жетекчиси бала дааратканага кирип, "үйгө кетем" деп терезесинен секирип кеткенин билдирген. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул окуя боюнча арыз түшпөгөндүгүн кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel1Aikol
2018-02-13 21:16:43
Бети жоктор шылтоону да айтышат кычыраган кышта эмнеге терезени ачык коесунар
Бала кантип ачмак эле таң калыштуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан