Жол кырсыгынан аялы каза болуп, кызынын бир буту кесилген жаран: "Кызым апасын сагынып ыйлап жатат"

Жол кырсыгынан аялы каза болуп, наристе кызынын бир буту кесилген жаран кызы апасын сагынып ыйлап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

“Ошол күнү мен "Дордой" базарында иштеп жаткам. Саат 12:14тө мага "аялыңыз менен кызыңызды унаа сүзүп кетти" деп чалышты. Жол кырсыгы болгон жер менен "Дордой" базарынын аралыгы жакын эле болгондуктан 5 мүнөткө жетпей эле келип калдым. Келсем окуя болгон жерди милиция тегеректеп, “Тез жардам” кызматы келип калыптыр. Жаракат алган кызымды ошол жердеги адамдар чач кырккан жайга алып кирип кетишиптир. Аялымды сыртта дарыгерлер карап жаткан экен. Кийин дагы бир “Тез жардам” кызматынын унаасы келип ага кызымды салып, андан мурун келген унаага аялымды салып ооруканага алып бардык”, - дейт каза болгон келиндин күйөөсү Жыргалбек Чотонов.

Учурда бөбөктү дарыгерлер жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушкан.

"Аялым экөөбүздүн ортобуздагы жалгыз кызыбыз болчу. Али эмчектен чыга элек эле, сүт эмем деп апасын эстеп ыйлап жатат. Апасынын каза болгонун билбейт. Эми кызымдын абалы жакшы болуп кетсе эле болду”, - дейт Жыргалбек Чотонов.

Ал эми Жыргалбектин коңшулары менен сүйлөшкөнүбүздө, алар күтүүсүз кырсыкка кабылган үй-бүлөгө жардам катары акчалай жардам чогултуп жатышканын айтышты.

"Бул жакта Жыргалбек байке батирде турат экен. Жол кырсыгынан улам аялынан ажырап, кызы да оор абалда ооруканада. Биз сүйлөшүп Жыргалбек байкенин үй-бүлөсүнө колубуздан келген жардамыбызды берели деп чечтик. Учурда ооруканада дарыланып жаткан наристеге колубуздан келген жардамыбызды берели деп акча чогултуп жатабыз. Кайдыгер карабаган жарандардан да жардам күтөбүз", - дейт жергиликтүү тургун Мунара Исаева.

Учурда бир бутунан ажырап медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан наристеге жардам берүүнү каалагандар болсо, 0771 81 76 15 номери аркылуу Жыргалбекке байланышса болот.

Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.

Жол кырсыгынан келинчегин жоготкон жаран: "Кызым апасын сурап ыйлап жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Дарыгер
2018-02-14 02:55:36
Техника онуккон заманда деле кесип салмай. Жолу бардыр эле айыктырыштын. Сабырбек агабыз корду бекен
+2
Djal1987
2018-02-14 03:26:20
Ыйлаткан суук кабар. Кичинекей кызга жаным кашаят.
+5
Bobina
2018-02-14 09:04:57
Ыйлап жатам... бечара келин кызын ойлоп жатып ьул дуйно менен кош айтты... эх жашоо
+5
kairan_ozum
2018-02-14 09:51:33
эээ жараткан ушундай азаптан сактай кор каза болгон эженин ыйманы саламат болсун.наристеге эмне дешти билбей журогум канап жатат бул да алла тааладан келген сыноо сизге сабыр берсин
+1
kaniulia
2018-02-14 10:21:02
Эркек болгонум менен мындай суук кабар мени ыйлатты не дешимди да билбей калдым :((
+4
Muratmipa
2018-02-14 13:23:39
200000% водител виноват
0
Atyrgul92
2018-02-14 14:01:17
Эххх кандай гана окунучтуу!Аман калган наристеге ден соолук каалаймын,апасынын жайы жанаттан болсун!Бюджеттеги акчалады ушундай жардамга муктаж карапайым калкка жумшаса болобу?Каяктагы тил билбеген жеп жутарларга короткончо
0
Matahara1980
2018-02-14 14:49:06
эшек акырын айдабайбы акырын, учурбай акмак, баланын убалына калыптыр акмак шофер. Байкуш бобок кантет эми энеси жок , жок дегенде буту соо калса болбойт беле, журокту оорутту го жаман
+1
Mednur
2018-02-15 00:42:16
Садага болоюн бобок сенин абалынды окуп журогум эзилип ыйладым(((жаным десе сени аябай тушунуп турам,кыйын болуптур сага,менин да сендей эмчектеги кызым бар,журогум ооруду сени элестетип,эмнеге мындай болду экен сенде деп(((аллахым жер жузундогу кичине периштелерге азап бербечи сураныч(((
+2
Mednur
2018-02-15 00:58:49
Тиги алдыдагы ак фит токтобой эле койсо болмок экен,ошончо машина токтобой эле отуп жатат,же фиттин артынан суруп кете берсе болмок деп ойлонуп озумчо, башым жарылат азыр(((
0
daring_girl
2018-02-15 01:04:39
жаным...ииийй... (жардам берем колуман келишинче...козу...♡♡☆☆☆))
0
33SUUN
2018-02-15 03:51:57
Бул жерде айдоочунун сабатсыздыгынын айынан ушундай кайгылуу окуя болду.Жол белгилерин,эрежесин билбегендиктен ушул иш болуп жатат. Окунучтуу!!!!
0
naziman
2018-02-15 09:22:25
Эн окунучтуу !!!.Эне баланы эч качан ажыратпасын Кудайым
0
chomly88
2018-02-21 01:27:22
Мага счету керек акчаны кантам которууну билбей жатам озум Россиядамын
0
chomly88
2018-02-21 01:27:45
кантип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан