Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны уланууда. Көчмө жыйындын экинчи күнкү чогулушу бүгүн, 11-июнда Нарын облустук Жаштар ордосунда саат 10:00дө башталды. Мында каралчу негизги маселе - Нарын облусундагы билим берүү, маданият, архив мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жана алардын өнүгүү келечеги болуп саналат. Ага ЖКнын депутаттары Каныбек Осмоналиев, Майрамкүл Тиленчиева, Наталья Никитенко жана Карамат Орозова, билим берүү министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева катышууда.