2010-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстанда 108 бала асырап алынган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдар тууралуу маалымат реестринде көрсөтүлгөн убакыт аралыгында ата-энесинин кароосунан ажыраган 416 бала катталган. Алардын 143ү ар кандай себептерге байланыштуу каттоодон чыгарылып, 108и башка ата-энелер тарабынан асырап алынган.