Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте чыккан өрт чектөөгө алынды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр майда очокторду өчүрүп жатышат. Цехтин ээсинин айтымында, цехтин иштеп жатканына 6-7 ай болгон. Ал эми ошол жерде жашагандар цехтин иштеп жатканына 2-3 жылдан ашып калганын айтышууда.
"Эртең менен цехте эч ким жок болчу. Кандайча өрт чыкканын билбейм. Тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканын өрт өчүрүүчүлөр аныкташат", - дейт цехтин ээси.
Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы Руслан Бекишовдун билдиришинче, өрт тууралуу маалымат саат 07:58де келип түшкөн.
"Биз бул жерге 08:04тө келдик. Кийинки экинчи машинаны чакырдык. Саат 08:57де тилсиз жоо чектөөгө алынып, өчүрүлдү. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз", - дейт Бекишов.
Айта кетсек, бүгүн, 14-февраль күнү эртең менен Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен коңшу жашаган бир аял "түтүнгө ууландым" деп "Тез жардам" кызматына кайрылган.