Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар тууралуу айтып, буга эл өкүлдөрүн көңүл бурууга чакырды.
"Абакта белгилүү үч саясатчы парламентке кайрылып, үмүт артып, жооп күтүп отурат. Биз, бир канча депутаттар кечээ, 13-февралда ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын абалы менен таанышып келдик. Бектур Асановдун кан басымы кескин түшүп кетиптир. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышты. Мындан тышкары биздин кесиптешибиз Өмүрбек Текебаевдин дагы жүрөгү, буту ооруп жатыптыр. Ошого бир жумага дарыланууга уруксат берилбей жатат. Биз соттор боюнча мыйзамдардын аткарылышын карашыбыз керек. Жакында Аида Салянова да адилетсиз соттолду. Ошондуктан бул теманы коомдук угуу кылабызбы, парламенттик угуу кылабызбы карап чыгуу зарыл. Эл күтүп жатат.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков абдан туура айтты. Биз аны колдоп, жардам беришибиз керек. Күч органдарына президент өзүнүн баасын берди. Президенттин ишениминен кеткен адамдар, бир саатка жетпей арызын жазып, кызматтан кетиш керек эле. Бирок алар отурушат. Биз, парламент ошол жагын карашыбыз керек", - деди Акаев.
Эске салсак, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сотторго жарандардын нааразычылыгынын себептерин атап, мыйзам алдында соттор жазасыз калып жатканын айткан. Өлкө башчысы өз ишин жакшы аткарбаган соттордун айынан, айрым учурда күнөөсүз жарандар убактылуу кармоочу жайларда узак убакыт азап тартып жатканын билдирген.