ӨКМ: "Ат-Башыда үйүнө аты келип өзү дайынсыз болуп жаткан жаран табылды"

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында үйүнө аты келип өзү дайынсыз болуп жаткан 44 жаштагы тургун тууганынын үйүнөн табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"13-февраль күнү Баш-Кайыңды айылынан 44 жана 42 жаштагы 2 тургуну атчан райондун борбору Ат-Башы айылына барышкан. Кайра Баш-Кайыңды айылына бөлөк-бөлөк чыгышкан, 42 жаштагы тургун үйүнө аман-эсен келген. Ал эми 44 жаштагы жарандын үйүнө аты өзү келип ээси издөөгө алынган. Аны издөөгө саат 22:00дө 47 адам тартылып, издөө иштери саат 01:00гө чейин уланган. Бүгүн, 14-февралда белгилүү болгондой дайынсыз болуп жаткан жаран Ат-Башы айылындагы туугандарынын үйүндө түнөп калганы белгилүү болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
RusMos76
2018-02-14 11:39:34
Ичип жатып калса керек да атын ачка калтырып.Чалып койгонго акыбалы келбей ошончо адамды убара кылып, уй-булосун кабатыр кылып тунку уйкудан калтырып.
+8
Asat17
2018-02-14 11:41:32
Туноп калса деле туугандарына чалышса кк
+4
aerforce
2018-02-14 11:46:23
арактын кесепетиго чамасы
+3
Aidar.001
2018-02-14 11:52:08
Тырп этме, дурп этме, эрте менен жарк этмесин кылып анан барды да уйго
+9
kechirmeni
2018-02-14 11:57:20
айланайын туугандар жакшы кумон кылалычы,сразу эле ичти дебей, балким башка себептер болгондур мумкун телефон тартпайттыр, мумкун ооруп калгандыр суукта
+5
gul3ina
2018-02-14 13:14:30
Аман табылганына шугур кылалы
+1
aydinnur
2018-02-14 13:27:37
Бул киши аракка тыюу салынган айылдардын биринде жашайт го, Эмгекчилде да былтыр жайы менен мындай окуялар көп болду, менин кудам баш болуп))
0
jbolotov
2018-02-14 13:34:28
)) жакшы болгон экен аман эсен. Кулкулуу экен.
0
Makain
2018-02-14 13:54:40
Маско акам
+1
Makain
2018-02-14 13:55:30
Атын чыкпаса жер ортто болуп интернетке чыгып звезда болуп алды акам
+1
suban78
2018-02-14 15:27:50
Конулдошунукуно барган
0
kgstan2014
2018-02-14 18:42:24
Эмнеси болсо да жакшы жагымдуу жанылык туугандар
0
Nurbag
2018-02-14 21:37:59
Чалып койсо болмокда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан