КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри кызматына парламенттеги "Ата Журт" фракциясы
"ар намысчы" Феликс Куловдун жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул
тууралуу бүгүн, 11-июнда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин
жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Эске сала кетсек, 6-июнда КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу
менен арыз жазып, кызматтан кеткен.