2013-жылдын январь айынан бери Бишкекте 85 адам ууланганын Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана экспертиза борборунан билдиришти. Акыркы жолу Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунун 7 жашоочусу тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылган. Алардын колбасадан уулангандыгы айтылды. Мындан улам аталган борбор жай мезгилинде тамак-аш сатып алууда жана аны колдонууда сак, кылдат болууну эскертет.