Талас. Кара-Буура районунда спорттун 4 түрү боюнча облустук мелдеш өттү

9-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Ак-Жар айылында волейбол, футбол, шахмат, жана улуттук күрөш боюнча облустук мелдеш өткөрүлдү. Район акиминин орун басары Салкын Карбозова билдиргендей, футбол боюнча 19 команда, волейбол боюнча 12 команда, шахмат боюнча 40 спортчу, улуттук күрөш боюнча 40 спортчу катышты. Футбол боюнча Ак-Чий айылы 1-орунга, Бакайыр айылы 2-орунга, Үч-Коргон айылы 3-орунга жана волейбол боюнча 1-орунга Шекер айылы, 2-орунга Кууганды айылы, 3-орунга Көк-Сай айылы татыктуу болду. 

Улуттук күрөш боюнча 1-орунду Чолпонбай айылынын тургуну Ниязбеков Жоомарт, 2-орунду ошол эле айылдын жашоочусу Токонов Нуркан, 3-орунду Ак-Башат айылынын тургуну Байышов Санжар багындырды. 

Шахмат боюнча 1-орунга Талас шаарынын жашоочусу Кыдыралиев Замир, 2-орунга Талас районунун тургуну Кокоев Замир, 3-орунга Кара-Буура районунун жашоочусу Исабаев Алим татыктуу болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан