12-февраль күнү Талас облусунда таксистти сабап, унаасын күч менен тартып алган деген шек менен Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-февраль күнү саат 20:30 чамасында эки адам таксиге отурушкан. Алар айдоочуну электрошокер менен коркутуп, сабап, акча жана баалуу буюмдарын алып, колу-бутун байлап унаанын багажына салып коюшкан.
"Шектүүлөр таксисттин унаасын айдап Талас шаарына бара жатканда Көк-Ой айылынан унаанын бензини түгөнүп токтошкон. Ошол жерден таксист качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу ошол эле күнү укук коргоо органдарына кайрылып, ыкчам иликтөө иштеринен кийин шектүүлөр автобекеттен колго түшүрүлгөн. Иликтөө иштеринен кийин алар Казакстандын Жамбыл облусунун 22 жана 26 жаштагы тургундары экени аныкталган.
Кармалган жарандарга "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.