Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова экс-президент Алмазбек Атамбаевге доо арызын төлөш үчүн анын Ысык-Көл облусундагы 60 чарчы метрди ээлеген коттеджи сатыкка коюлат. Мындай чечим 14-февралда Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге журналист Нарын Айып билдирди. Ал эми өзүнүн доо арызы боюнча сот чечими 20-февралда чыгарыла турганын кошумчалады.
"Сот Кымбат Архарова Жакупованын Ысык-Көлдөгү үйүн сатыкка коюш керек деген чечим чыгарды. Ал эми менин ишимди сот Альбина Жээнбекова карап, чечимди 20-февралда чыгармай болду", - деди Нарын Айып.
Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев доо арызды төлөтүү үчүн Нарын Айыптын Бишкектеги үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн, Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатыкка койдурууну соттон өтүнгөн.