Өлкөдө Кыргызстандын жарандыгын алган 80 миңдей кытай бар. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй бүгүн, 11-июнда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. “Алар Кыргызстан менен биргелешип иштеген кытай компанияларынын инженерлери. Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошуп жатышат”,- дейт элчи. Айтымында, алардын 20 миңдейи ишкерлик, инвестиция жана ишкерлик кызматташтык менен алектенишет. Ошондой эле Кытайдын 2 миңден ашуун студенти Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан билим аларын жана ушундай эле сандагы кыргыз студенттер Кытайда билим алышарын кошумчалады элчи.