Индияда "7 жаштагы баланы өлтүрүп, жансыз денени чемоданга салып катып койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окуя Индиянын Нью-Дели шаарында болгон.
"7 жаштагы Ашиш Саини 7-январь күнү дайынсыз жоголгон. Баланын денесин 13-февралда, анын ата-энесинин үйүн ижарага алып жашаган 27 жаштагы Авдеш Сакьинин үйүнөн табылган. Тергөө иштери аныктагандай, Авдеш маркум Ашиштин ата-энеси менен жаман мамиледе болгон. Мындан улам ал баланы уурдап кетип, ал үчүн акча талап кылгысы келген. Бирок дайынсыз жоголгон баланы полиция кызматкерлери издей баштаганда ал коркконунан баланы өлтүрүп салган", - деп айтылат маалыматта.