Перуда абактан чыккан өрттөн 5 адам каза болуп 29 адам жаракат алды

Перу өлкөсүнүн Трухильо шаарындагы өспүрүмдөр абагынан чыккан өрттөн 5 адам каза болуп, 29 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Трухильо шаарындагы өспүрүмдөр абагында өрт 13-февралдан 14-февралга караган түнү чыккан. Анда кылмышкерлердин эки тобунун ортосунда жаңжал чыгып, чатак учурунда төшөнчүлөр да өрттөнгөн. Натыйжада абакты өрт каптап, адамдарды алып чыгуу үчүн куткаруучулар дубалдарды да бузууга мажбур болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан