Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда дарыядан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февралда саат 18:00 чамасында Базар-Коргон районунун Көк-Тоңду айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынан 20-25 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Табылган жансыз дене суудан чыгарылып, райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына өткөрүлүп берилген.